Инструкция электрочайник Centek CT-0034

Страница 8 (стр. 8 из 20)

Бренд: Centek

Страница 8 документа Электрочайник Centek CT-0034. Раздел: Электрочайники. Бренд: Centek.

Текст страницы

КЫРГЫЗЧА

- Шайман тышкы таймерден же өзүнчө аралыктан башкаруу тутумунан иштөөгө
арналган эмес.
- Этият болуңуз: шайман иштеп жаткан учурда, жеткиликтүү беттердин темпе-
ратурасы аябай жогору болушу мүмкүн. Ысык беттерге колуңузду тийгизбеңиз.
- Шайманды физикалык, сезимтал же акыл жөндөмдүүлүгү начар болгон
адамдарга (балдарга), жашоо тажрыйбасы жана билими болбогондуктан
колдонгонго болбойт, эгер аларды шайманды колдонуунун эрежесин билген
жана алардын коопсуздугу үчүн жооптуу адамдын көзөмөлүндө болбосо. Бал-
дар шайман менен ойнобош үчүн, аларды көзөмөлдөш керек.

- Шайманга суу колдор менен тийүүгө тыюу салынат. Эгер үстүнө суу төгүлсө же
ичинен суу агып кетсе, аны дароо электр тармагынан ажыратыңыз.
- Колдонуудан кийин жана тазалап жатканда шайманды электр тармагынын
розеткасынан сууруп алыңыз (шайманды өчүрүп жатканда, зымынан кармап
сууруганга тыюу салынат).
- Балдарга шайман менен ойноого жол бербеңиз. Аппаратты кароосуз калты-
рбаңыз. Тармак зымы балдардын колу жетпеген жерде орнотулгандыгын
текшериңиз.
- Шайманды жана анын электр зымын зыяндары болбогонун ар дайым текшерип
туруңуз. Бузук шайманды колдонуунуга жол берилбейт.
- Шайманды өзүңүз оңдогонго аракет кылбаңыз. Квалификациялуу адистерге
кайрылыңыз. Электр зымы бузулган болсо аны өндүрүүчүнүн, ыйгарым укук-
туу тейлөө борборунун же квалификациялуу адистердин жардамы менен
алмаштырыңыз.
- Оригиналдуу гана запастык бөлүктөрүн колдонууга уруксат берилет.
- Ташуу (алып өтмөк), сатуу үчүн өзгөчө шарттар: жок.

  1. ШАЙМАНДЫН СҮРӨТТӨЛҮШҮ
  2. Жапкыч
  3. Жогорку бышык айнек
  4. LED индикатору
  5. «Күйгүзүү/өчүрүү» баскычы
  6. Туткасы
  7. Шнур бөлүмү бар кубат базасы

УРМАТТУ КЕРЕКТӨӨЧҮ!
Эгерде шайман өз максатына ылайык колдонулбаса жана берилген колдонмо-
до көрсөтүлгөн эрежелер жана шарттар сакталбаса, ошондой эле шайманды
квалификациясыз оңдоо аракеттер болсо, өндүрүүчү жооптуу эмес. Эгер Сиз
шайманды башка адамга колдонууга бергиңиз келсе, сураныч, анда аны берилген
колдонмосу менен кошо өткөрүп бериңиз.
Берилген шайман үй тиричиликте жана ушул сыяктуу чөйрөдө колдонууга ар-
налган, атап айтканда:
- дүкөндөрдөгү, кеңселердеги жана башка өнөр жай чөйрөлөрүндөгү кызмат-
керлер үчүн ашкана аянтчаларында;
- айыл чарба фирмаларында;
- мейманканада, мотелде жана башка турак жай инфраструктурада кардарлар
үчүн;
- жеке пансионаттарда.
ШАЙМАНДЫН МАКСАТЫ: Чайнек ичүүчү сууну жылытып, кайнатууга арналган.

  • ТОЛУКТУК
  • Электр чайнек - 1 д.
  • Кубат базасы - 1 д.
  • Колдонуучунун жетекчилиги - 1 д.

4. ЭМГЕК ТАРТИБИ
- Чайнектин жакшы иштеп жаткандыгына көзүңүз жеткенче, таңгактагы бардык
материалдарды сактап коюңуз.
- Үй тиричилигиндеги электр кубаттуулугу чайнектин электр кубатуулуктагы
көрсөткүчүнө дал келгенин текшериңиз.
- Чайнек толугу менен жана көрүнүп тургандай бузулгандыгын текшериңиз.
Шайманды зыянга учураган электр зымы же сайгычы менен иштетпеңиз.

1. КООПСУЗДУК ЧАРАЛАР
Жашоо жана ден-соолук үчүн кооптуу кырдаалдарды, ошондой эле шайман эрте
иштен чыгып калбашы үчүн, төмөнкү шарттар так сакталууга тийиш:
- Шайманды ишке киргизерден мурун берилген колдонмону жакшылап окуп
чыгыңыз. Шаймандын берилген көрсөтмөсүн, квитанциясын жана кутусун
сактаңыз.
- Аппаратты максатына жараша гана колдонуңуз.
- Берилген шайман соода сатык үчүн колдонулбайт. Шайманды сыртта кол-
донбоңуз.
- Шайманды жылуулук булактарынын жанында койбоңуз, аны күн нурунун
астында койбоңуз (сууга жана башка суюктуктарга батырганга тыюу салынат).

САКТЫКТЫН ӨЗГӨЧӨ ЧАРАЛАРЫ
- Чайнекке муздак гана суу толтуруңуз.
- Чанекти кубат базасынан чыгаргандан мурун, анын өчүк болгонун текшерип
алыңыз.
- Чанекти күйгүзгөндөн мурун анын капкагынын жабык болгонун текшерип
алыңыз.
- Чанектин капкагы ачык болгон учурда, суу кайнатканга аракет кылбаңыз,
каршы учурда автоматтык өчүрүү иштебей калат, бул өрт чыгышына себеп
болушу мүмкүн.
- Чайнекти кадимки электр кубаты менен гана колдонуңуз.
- Чайнектин сырткы беттерине жана кубат базасына суу тийүүсүнө жол бербеңиз.
- Суунун деңгээли MAX жана MIN белгилердин ортосунда болушу зарыл. Чайнек-
теги суу максималдуу деңгээлден ашып кетсе, кайнак суу агып чыгышы мүмкүн!
- Шайманды туура келген туташтыргыч менен гана колдонуңуз.

8

Бытовая техника / Техника для кухни / Приготовление напитков / Электрочайники

Aceline P-1800

8 стр.
Бытовая техника / Техника для кухни / Приготовление напитков / Электрочайники

Aceline P-1800

8 стр.
Бытовая техника / Техника для кухни / Приготовление напитков / Электрочайники

Aresa AR-3437

14 стр.
Бытовая техника / Техника для кухни / Приготовление напитков / Электрочайники

Aresa AR-3437

14 стр.
Бытовая техника / Техника для кухни / Приготовление напитков / Электрочайники

BOSCH TWK 2M161

84 стр.