Текст страницы
пайдалануунун кепилдик мөөнөтү – сатылган күндөн баштап 6 ай, ал эми
колдонуу нускамасында же кепилдик картасында шаймандын сатылгандыгы
тууралуу белги жок болсо – анда чыгарылган күнүнөн баштап 6 ай.
Кепилдик оңдоп-түзөө иштери ыйгарым укуктуу тейлөө кызматынын жамааты
тарабынан аткарылат.
Оңдоп-түзөө иштерин аткарган тейлөө кызматынын өкүлү, айрылуучу талонду
жана анын дүмүрчөгүн толтурууга милдеттүү.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ: КЕПИЛДИК ТЕЙЛӨӨГӨ БАЙЛАНЫШТУУ ТҮШҮНБӨСТҮКТӨРДҮН
АЛДЫН АЛУУ ҮЧҮН, САТУУЧУДАН “САТУУ КҮБӨЛҮГҮ” БӨЛҮМҮНДӨГҮ “ТЕЙЛӨӨ
КЫЗМАТЫНЫН АТАЛЫШЫ ЖАНА ДАРЕГИ” ДЕГЕН ПУНКТТУ, ОШОНДОЙ ЭЛЕ
КЕПИЛДИК ТАЛОНДОРУН ТОЛТУРУШУН ТАЛАП КЫЛЫҢЫЗ.
Кепилдик милдеттемелери төмөнкү учурларда аткарылбайт:
– меш сатылгандан кийин, курамдык бөлүктөрү толук эмес болсо;
– сатылып алынгандан кийин, механикалык кемчиликтер аныкталса;
– ташып жеткирүү жана сактоо шарттары сакталбаса;
– орнотуу жана колдонуу эрежелери сакталбаса;
– оңдоп-түзөө иштерин, чачууга жана оңдоого укуктары жок адамдар аткарса;
– меш соода-сатык максаттарында же коомдук тамактануу ишканаларында
колдонулса;
– орнотуу талонунда газ мешин орнотуу жана туташтыруу жөнүндө уюмдун
белгиси жок болсо.
ЭСКЕРТҮҮ: ШАЙМАНДЫ ТУТАШТЫРУУ, ТЕЙЛӨӨ ЖАНА ОҢДОО ИШТЕРИН
УЧУРДАГЫ МЫЙЗАМДАРГА ЫЛАЙЫК ТУРМУШ-ТИРИЧИЛИК ГАЗ МЕШТЕРИН
ОРНОТУУ, ТУТАШТЫРУУ ЖАНА ТЕЙЛӨӨГӨ УКУГУ БАР ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ
АДИС ЖЕ ЖАМААТ ГАНА АТКАРЫШЫ КЕРЕК.
Шайманды кепилдик мөөнөтүндө, ошондой эле кепилдик мөөнөтүнөн кийин
тейлөө жана оңдоо маселелери боюнча сатуучуга же кепилдик картасында
көрсөтүлгөн тейлөө уюмдарына кайрылыңыз.
Заводдун тейлөө кызматы сизге жардам берип, бардык суроолоруңарга жооп
берет.
«Гефест-техника» унитардык ишканасы
Республика Беларусь, 224002, Брест шаары, Суворов көчөсү, 21
РБ ҮЧҮН - 8(0162)27-68-27; 27-61-01,
БАШКА МАМЛЕКЕТТЕР ҮЧҮН - +375162 27-68-27; 27-61-01
e-mail: gt.sa@gefest.org
6-таблица
Мештин үлгүсү
Жабдылышы
900
900-
900-
910-
900-
900-
900-
910-
01
02
01
03
04
05
02
Калканч
•
•
•
•
Столдун оттуктары, даана
4
4
3
3
4
4
3
3
ГАЗ КОНТРОЛУ
•
•
•
•
Электр оттугу
•
•
Туташтыруучу түтүк
•
•
•
•
•
•
•
•
Буттары
•
•
•
•
•
•
•
•
Мештин модификациялары
К17 – күрөң түстөгү меш
•
•
•
•
74