Инструкция холодильник с морозильником ATLANT ХМ-6624-109

Страница 33 (стр. 33 из 35)

Бренд: ATLANT

Страница 33 документа Холодильник с морозильником ATLANT ХМ-6624-109. Раздел: Холодильники. Бренд: ATLANT.

Текст страницы

KYR

ТБтүн калган индикаторлору өчөт.
2.7.2 Кызматты өчүрүү «super freeze» баскычын кайталап басуу менен же (55±5) сааттан кийин автоматтык түрдө
жүргүзүлөт –
индикатору өчөт.
2.8 МҮМКҮН БОЛУУЧУ БУЗУКТАРЫ
2.8.1 Башкаруу панелинде
жана «2» же болбосо
жана «минус 24» индикаторлору узак убакыт жарыктан-
ганда бузукту четтетүү үчүн механикти чакыруу зарыл.
2.8.2 ТБтөгү таптын индикатору узак убакыт өчүп-күйгөндө сакталып турган азыктардын абалын текшерүү жана
тейлөо кызматынын механигин чакыруу керек.
2.9 МУЗДАТКЫЧТЫ ӨЧҮРҮҮ
2.9.1 Муздаткычтын бөлүктөрүн өчүргөндөн кийин, азыктандыруу шнурунун айрычасын розеткадан сууруп,
муздаткычты электер тармагынан ажыратуу керек.

3 М У З Д А Т К Ы Ч Т Ы К О Л Д О Н У У

3.1 МБ КОЛДОНУУ
КӨӉҮЛ БУРУӉУЗ! Азыктарды 4-сүрөткө ылайык МБтүн оӊ каптал бетинде жайгашкан таптын датчигине
тыкыз жайгаштырбаӊыз.
3.1.1 1-сүрөткө ылайык бөтөлкөлөрдөгү суусундуктарды сактоо үчүн багышталган бөтөлкө койгуч, МБтүн ички
мейкиндигин сарамжалдуу колдонууга жол берет. Алар МБтүн арткы бетине тийбесин үчүн, бөтөлкөлөрдү тизүү керек.
Бөтөлкө койгучту үстүнөн экинчи айнек-текчеге орнотуу сунушталат, ал жерде суусундуктар оптималдуу тапка
чейин муздатылат.
3.1.2 5-сүрөткө ылайык асма идиш азыктарды, мисалы, колбаса азыктарын же быштакты сактоо үчүн багыш-
талган. Идиш айнек-текченин алдына жылып туруучу тетиктердин жардамы менен бекитилген да, аны бойлото жыла
алат. Азыктарды жүктөө үчүн идишти өзүӊүзгө карай акырына чейин жылдыруу зарыл.
Башка айнек-текчеге кайра орнотуу зарыл болсо идишти өзүӊүзгө карай акырына чейин жылдырып жана жогору
көтөрүп, жылып туруучу тетиктерден чыгаруу керек.
Андан кийин жылып туруучу тетиктерди чыгаруу керек:
– жылып туруучу тетиктердин арткы бөлүгүн көтөрүү жана аны айнек-текче менен илинишүүдөн чыгаруу;
– арткы бөлүгүн ылдый түшүрүү жана алдыӊкы бөлүгүн илинишүүдөн бошотуп, жылып туруучу тетиктерди
өзүӊүзгө тартуу.
Идишти жана жылып туруучу тетиктерди тандалган айнек-текчеге тескери удаалштыкта орнотуу.
3.1.3 6-сүрөткө ылайык идиш (жашылчалар же жемиштер үчүн) бөлгүчкө ээ болот, ал багытоочу оюктар боюнча
үч абалдын бирөөнө орнотулат.
Идишти МБтөн алуу же бөлгүчтү кайра орнотуу зарылдыгы болсо төмөнкүлөрдү жасоо керек:
– эшикти акырына чейин ачуу, эшиктен идишти (ылдыйкы) чыгаруу жана идишти алуу;
– идиштен бөлгүчтү сууруп алуу жана ылдый карай акырына чейин жылдырып, багыттоочу оюктар боюнча жаӊы
орунга орнотуу.
3.1.4 Жаӊылык бөлүгүнун идишин (бар болсо) азыктарды жүктөө жана алуу үчүн өзүӊүзгө карай акырына
чейин жылдыруу керек.
Колдонуудагы ыӊгайлуулук үчүн идиш роликтүү багыттоочулар боюнча жылат.
МБтөн идишти алуу зарыл болсо аны өзүӊүзгө карай акырына чейин жылдыруу, андан кийин каптал жана
алдыӊкы беттеринен кармап, жогору көтөрүү, жана идиштин роликтерин эки тараптагы теӊ багыттоочулардан бошотуу
сунушталат. Идишти муздаткычка орнотуу үчүн идиштин роликтерин (эки тараптан теӊ) багытточуларга орнотуу жана,
жогору көтөрүп, аны жылдыруу зарыл.
3.1.5 Бөтөлкөлөр үчүн чектегич эшикти ачууда жана жабууда алардын кулап кетүүсүн болтурбайт. 7-сүрөткө
ылайык чектегич идиштин капталы боюнча жыла алат.
3.2 ТБ КОЛДОНУУ
3.2.1 8-сүрөткө ылайык ТБтүн себеттери азыктарды жүктөөдөгү жана алуудагы ыӊгайлуулук үчүн алдыӊкы
панелинде туткасы, ошондой эле каптал беттеринде (ылдыйкы себеттен бөлөк) муздаткычтан сырткары жылдыруу
үчүн туткалары болот.
3.2.2 Чүчбараларды, эттин кичине кесимдерин, мөмөлөрдү ж.б.у.с. 1-сүрөткө ылайык мөмөлөрдү жана башка
майда азыктарды тоӊдуруу үчүн түпкүчкө жайгаштыруу сунушталат. Тоӊдургандан кийин азыктарды таӊгактоо жана
сактоо үчүн ТБтүн себеттерине жайгаштыруу керек.

МБтөгү таптын датчиги

жылып туруучу тетиктер

бөтөлкөлөр үчүн чектегич
бөлгүч

асма идиш

5-сүрөт
4-сүрөт

7-сүрөт
6-сүрөт

33

Информация для предварительного ознакомления. Официальной информацией изготовителя не является

Бытовая техника / Техника для кухни / Холодильное оборудование / Холодильники

Aceline В37ВHR

32 стр.
Бытовая техника / Техника для кухни / Холодильное оборудование / Холодильники

Aceline В37ВHR

32 стр.