Инструкция холодильник с морозильником Indesit DS 3160 G

Орнотуу жана ишке түшүрүү (стр. 18 из 40)

Бренд: Indesit

Страница 18 документа Холодильник с морозильником Indesit DS 3160 G. Раздел: Холодильники. Бренд: Indesit.

Текст страницы

Орнотуу жана ишке түшүрүү

Муздаткыч натыйжалуу жана ишеничтүү иштеши
үчүн аны туура орнотуу зарыл.

– розетка менен вилка бирдейби; эгерде вилка
розеткага туура келбесе, анда розетканы камсыздоочу
шнурдун вилкасына туура келген түрүнө алмаштыруу
керек (ишти тажрыйбалуу электрик аткарууга тийиш);

KGZ

Желдетүү
Муздаткычтын компрессору менен конденсатору
иш учурунда кызыйт, андыктан жетиштүү деңгээлдеги
кошумча
желдетүүнү
камсыздоо
зарыл.
Муздаткычыңыз нормалдуу нымдуулукка ээ болгон
жана
жакшы
желдетиле
турган
бөлмөдө
орнотулууга
тийиш.
Муздаткычты
жогору
нымдуулукка ээ болгон бөлмөдө, мисалы, ваннакана,
жертөлөдө орнотууга тыюу салынат.

Орнотуп жатканда айланасында аба эркин айланышы
үчүн прибордун арткы жана жан жактарынан 5 см, ал
эми жогору жагынан 10 см аралык калтырыңыз.

Прибордун арт жагында абанын жолун тосуп
койбоңуз.

Муздаткыч Сиз дайыма розеткага жете алгандай
кылып орнотулууга тийиш; Ушул колдонмодо баяндалган
өңдүү чоң кубаттуулукка ээ үй-тиричилик приборлорунун
коопсуздук талаптары бузулган түрдө электр тармакка
уланган муздаткыч салыштырмалуу кооптуу саналат.
Түздөн-түз эки зымдуу элкектр тармакка улана турган
муздаткычтан төмөнкүдөй параметрлерге ээ коргоочу-
үзүүчү курулма (КҮК) менен пайдаланышат: номинал
чыңалуунун диапазону – 220 дан 240 В ко чейин/50 Гц,
иштеп кетүү босогосу – 30 мА ден көп эмес, иштеп
кетүүнүн номинал убактысы – 0,1 с. Электр тармагы 16
А ге болжолдонгон коргоочу курулмага ээ болушу керек.
Муздатуучу приборду токтун ашышынан коргой албай
турган электр тармагына улаганга тыюу салынат.

Жылуулук
булагына
жакын
орнотпоңуз
Муздаткычты
жылуулук
булагына
(ашкана
плиталары, духовкалар, каминдер) жакын жерге, же
болбосо күндүн нуру түздөн-түз түшүп турган жерге
орнотууга болбойт.

Эгерде көрсөтүлгөн нормаларга баш ийбеген түрдө
кишинин ден соолугуна жана буюмга зыян жетсе,
өндүрүүчү жоопкерчиликти мойнуна албайт.

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ

Приборду орнотуп жатканда, токтун шнуру кысылып
калбагандыгына жана бузулбагандыгы на ишеним пайда

кылыңыз.

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ

Көп көзөнөктүү көчмө розетканы (узарткычты) же
көчмө ток булагын прибордун арт жагына койбоңуз.

Түздөө
Мыкты иштеши үчүн муздаткыч тегиз жерге
орнотулган болууга тийиш. Муздаткыч керектүү жерге
орнотулгандан кийин анын абалын алды жагындагы
түздөөчү таянычтарды айландыруу аркылуу тегиздеңиз.
Муздаткычтын арт жакка болгон жантыктыгы 5°тен
ашпоого тийиш.
Орнотуу үчүн тандалган жерге приборду алып баруу
мүмкүн болушу үчүн мурдатан эшиктин өлчөмдөрүн,
тепкичтин аралыктарын жана б. у. с. өлчөп алыңыз.

Муздаткыч прибордун жумушчу габариттери.

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ
Орнотулгандан кийин, муздаткычты розеткага
сайардан мурун болжол менен үч саат күтө туруңуз
– бул муздаткычтын туура иштеши үчүн зарыл.

Муздаткычты баштап ишке түшүрүүдөн мурда буюм
дун муздаткыч жана тоңдургуч бөлүмдөрүнүн беттерин
ичилүүчү соданын эритмесинде тыкандык менен жууш
керек.

Муздаткычты электр кубатына туташтыргандан
кийин орточо температураны коюңуз, бир нече
сааттан кийин тамакты муздаткычка жана тоңдургучка
салсаңыз болот.

Аспаптын кыймылдуу бөлүктөрүн жылдырбай
турган боштуктарды жана жабышчаак тилкелерди алып
салыңыз.

Эгерде приборго коргоочу полимердик плёнка
чапталган болсо, анда буюм тетиктеринин полимердик
каптоосу менен анын лак-боёкторуна зыян жетпегендей
кылып аларды акырындык менен сыйрып алыңыз.

Электр тармагына улоо
Муздаткыч 1 класс электр тогунан жабыркоодон
коргоо деңгээлинде жаратылган жана электр тармагына
токту жерге кийирүүчү зым менен камсыздалган эки
уюлдуу розетка жардамында уланат.

Электр тармагына улануудан мурда көңүл буруңуз:
– тармактагы чыңалуу эшик жактан алганда муздаткыч
бөлүмдүн оң жагына орнотулган табличкада көрсөтүлгөн
маалыматтарга туура келет, атап айтканда ~ 220-240В;

– электр розетканын токту жерге кийирүүчү контакты
электр тармактын камсыздоочу кабелинин токту жерге
кийирүүчү зымына түздөн-түз уланганбы (туташтыруучу
зым 10 А ден көп болбогон токко болжолдонгон болууга
тийиш);

18

Бытовая техника / Техника для кухни / Холодильное оборудование / Холодильники

Aceline В37ВHR

32 стр.
Бытовая техника / Техника для кухни / Холодильное оборудование / Холодильники

Aceline В37ВHR

32 стр.