Текст страницы
Муздаткыч бөлүмдөн пайдалануу
KGZ
Муздаткыч бөлүмдөгү аба кыйла төмөнүрөөк температура
камеранын ылдый жагына жүргөндөй кылып айланат.
Муздаткычта продуктуларды сактоонун эң жакшы
шарттарын камсыз кылуу үчүн төмөнкү сунуштарга баш
ийиңиз: туура эмес сактаганда эң жакшы продуктулар
да бат айныйт. Жалпы кабыл алынган эрежелерге каршы
болсо да, эсиңизде болсун, даярдалган продуктуларды
жаңыларына караганда аз убакыт сактоо керек.
Муздаткыч бөлүм абдан ыңгайлуу текчелер менен
жабдылган болуп, атайын багыттоочулардын жардамында
алардын бийиктигин жөнгө салууга болот, бул болсо
ири кутуларды жана узун бөтөлкөлөрдү да жайлаштыруу
мүмкүнчүлүгүн берет.
Муздаткычтын ичине капкагы жабылбаган идиштеги
суюктуктарды коюуга болбойт – бул муздаткыч бөлүмдөгү
нымдуулуктун жогорулап кетишине өбөлгө түзөт.
Муздаткыч бөлүмдөгү температура терморегулятордун
кулагы менен орнотулган абалга ылайык түрдө автоматтык
түрдө жөнгө салынып турат.
Биз терморегуляторду ортоңку абалга орнотууну сунуш
кылабыз.
Муздаткычтын ичиндеги мейкиндикти кеңитүү, про-
дуктуларды жайлаштырууну оптималдаштыруу жана
камеранын ичи жакшы көрүнүшү үчүн бууландыргыч
муздаткыч бөлүм дубалынын арт жагына орнотулган.
Муздаткыч иштеп жаткан мезгилде компрессордун ошол
учурда иштеп же иштебей жатканына карай арткы ду-
балын кыроо же суу тамчылары капташы мүмкүн. Тынч-
ызданбаңыз, бул нормалдуу абал. Эгерде терморегул-
ятор максималдуу абалга орнотулган болсо, муздаткыч
продуктуга жык толтурулган же бөлмөдөгү температура
өтө жогору болсо, анда компрессор тынымсыз иштеши
мүмкүн, мунун натыйжасында буууландыргычтын арткы
дубалында кыроо катмары пайда болот. Бул болсо электр
энергиясын артыкча сарптаганга алып келет. Мындай
жагдайдын алдын алуу үчүн муздаткыч бөлүм өзү-өзүнөн
эригендей кылып жөн эле терморегулятордун кулагын
азыраак абалга келтирип коюңуз.
Продуктулар
Муздаткычта жайлаштырылышы
Жаңы балык жана эт
Жашылча ящиктеринин үстүндөгү текчеде.
Жаңы сыр
Жашылча ящиктеринин үстүндөгү текчеде.
Даяр продуктулар
Каалагандай текчеде
Колбаса, нан, шоколад
Каалагандай текчеде
Мөмөлөр жана жашылчалар
Жашылчалар үчүн ящиктерде
Жумуртка
Эшиктин текчелеринде
Май жана маргарин
Эшиктин текчелеринде
Бөтөлкөдөгү продуктулар, суусундуктар, сүт
Эшиктин текчелеринде
Муздаткычта пияз, көк пияз жана сарымсак, банан (ка-
райып кетиши мүмкүн), цитрус, картофель жана тамыр
жемиштерди сактоого болбойт (аларды караңгы, кургак
жерде сактоо керек).
Дренаждык тешик аркылуу арткы дубалда пайда болгон суу тамчылары компрессордун ваннасына агып, бууланып
кетет. Дренаждык тешиктин бүтөлүшүнө жол бербеңиз. Зарыл болсо, тешикти щетка менен тазалаңыз (сүрөт 1)
бөлүк муздаткычка киргизилген.
Сүрөт.1
20