Текст страницы
КЫРГЫЗ
ФЕН VT-8201 CL
Фен чачты кургатууга жана жасоого арналган.
СЫПАТТАМА
1. Иштөөчү режимдерди которгучу (0\1\2)
2. «Муздак» шамалды үйлөй турган баскычы
3. Концентратор насадкасы
4. Аба алгычтын панжарасы
5. Фендин бүктөмө туткасы
6. Асып коюу үчүн илмеги
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР!
– Фенди ванна бөлмөсүндө колдонгондон кийин электр
шнурунун сайгычын электр тармагынан сурушу зарыл,
себеби суунун жакындыгы шайман өчүргүч менен
өчүрүлгөндө деле коркунучту жаратат.
– Кошумча коргонуу үчүн электр тармагында потенциалдуу
иштеткен тогу 30 мА ашырбаган коргоп өчүрүүчү
аспабын (устройство защитного отключения – УЗО)
орнотулушу максатка ылайыктуу, аспапты орнотулуш
үчүн адиске кайрылыңыз.
КООПСУЗДУК ЧАРАЛАРЫ
Электр шайманды пайдалануудан мурда ушул колдонмону
көңүл коюп окуп-үйрөнуп, аны маалымат катары сактап
алыңыз.
Шайманды тике дайындоо боюнча гана, ушул колдонмодо
жазылганга ылайыктуу колдонуңуз. Шайманды туура эмес
пайдалануу анын бузулуусуна, колдонуучуга же колдонуучунун
мүлкүнө зыян келтирүүго алып келиши мүмкүн.
•
Фенди иштеткенден мурун шаймандын иштөөчү чыңалуусу
электр тармагынын чыңалуусуна ылайык болгонун
текшерип алыңыз.
•
Өрт коркунучун жоюу үчүн чайнекти электр розеткасына
туташтырганда кошуучу түзүлмөлөрдү колдонбоңуз.
•
Фендин комплектине кирген насадканы гана пайдаланыңыз.
•
Шайманды иштеткенде электр шнурун толук узундугуна
жандырууну сунуш кылабыз.
•
Электр шнурун:
– ысык буюмдарга тийгизбей,
– учтуу кырлардын үстүтнөн тартпай,
– шайманды көтөрүү үчүн пайдаланбаңыз.
•
Электр
шнурунун
жана
кубаттуучу
сайгычтын
изоляциясынын абалын мезгилдүү текшерип туруңуз.
•
Шайманды аэрозолдорду чачкан же жеңил жалындап
кетүүчү суюктуктар колдонулган жерлерде колдонбоңуз.
27