Инструкция утюг Vitek VT-8359

КЫРГЫЗ (стр. 25 из 36)

Бренд: Vitek

Страница 25 документа Утюг Vitek VT-8359. Раздел: Утюги. Бренд: Vitek.

Текст страницы

КЫРГЫЗ

ҮТҮК VT-8359
Үтүк кийим, шейшептерди үтүктөө жана кездемелерди
тик буулантуу үчүн колдонулат.

СЫПАТТАМА
1. Суу чачыраткыч
2. Суу куюучу тешиктин капкагы
3. «Бууну үзгүлтүксүз берүү/өзүн өзү тазалоо»

которгучу
4. Бууну кошумча берүүнүн баскычы
5. Суу чачыраткычтын баскычы
6. Тутка
7. Ысытуучу элементтин өчүрүп/күйгүзүүнүн

индикатору
8. Электр шнурунун коргоосу
9. Үтүктүн түбү
10. Суу куюлуучу чукур
11. Башкаруу баскычы
12. Суунун максималдуу деңгээлинин белгиси
13. Үтүктүн таманы
14. Өлчөмдүү чынысы
15. Электр тармакка кошулгандын индикатору
16. Температураны таңдоонун жарыкдиоддук

индикатору

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
Кошумча коргонуу үчүн электр тармагында номинал­
дуу иштеткен тогу 30 мА ашырбаган коргоп өчүрүүчү
аспабын орнотуу максатка ылайык, аспапты орнотуу
үчүн атайын адиске кайрылыңыз.

КООПСУЗДК ЧАРАЛАРЫ
Электр шайманды пайдалануудан мурун колдонмону көңүл
коюп окуп-үйрөнүп, маалымат катары сактап алыңыз.
Түзмөктү тике дайындоо боюнча гана, ушул колдонмодо
жазылганга ылайыктуу колдонуңуз. Шайманды туура
эмес пайдалануу анын бузулуусуна, колдонуучу жаракат
алууга, колдонуучуга же колдонуучунун мүлкүнө зыян
келтирүүгө алып келиши мүмкүн.

••
Суу куюлуучу чукурга жыттуу суюктуктарды, сир­
кени, крахмал эритмесин, кебээрди кетирүүчү реа­
генттерди, химиялык каражаттарды ж. б. куюуга тыюу
салынат.
••
Шайманды аэрозолдорду чачкан же жеңил жалын­
дап кетүүчү суюктуктар колдонулган жерлерде
колдонбоңуз.
••
Үтүктүн тамандын бузулуусуна жол бербөө үчүн
металлдан жасалган сыдырмалары же топчулары
бар нерселерди үтүктөгөндө этият болуңуз.
••
Электр шнуру үтүктөгүч тактанын үстүндө болбого­
нун же үтүктүн ысык беттерине тийбегенин байкап
туруңуз.
••
Электр тармагына кошулган шайманды кароосуз
калтырбаңыз. Иштетпей турган же муздатып турган
учурларда үтүктү түбүнө (тик абалына) коюңуз.
••
Үтүктү
электр
тармагына
кошуу/ажыратуунун
алдында температура жөндөгүчүн минималдуу
абалына коюп, бууну үзгүлтүксүз берүүнү өчүрүп
алыңыз.
••
Үтүктү иштетпеген убакытта аны милдеттүү түрдө
электр тармагынан ажыратыңыз.
••
Суу чукурун суу менен толтуруунун алдында сайгы­
чын розеткадан ажыратуу зарыл.
••
Үтүктөгөн учурунда суу куюлуучу тешигинин капкагы
жабык болуу зарыл. Үтүктү иштеткенде суу куюучу
тешигин ачса болбойт.
••
Үтүктү электр тармагынан сурганда аны шнурду кар­
мап эч качан тартпаңыз, сайгычынан кармап суруңуз.
••
Ток урбас үчүн үтүктү, электр шнурун жана кубатту­
учу сайгычын сууга же башка суюктуктарга салбаңыз.
••
Үтүктү сактоочу жайына салгандан мурун аны музда­
тып, ичинен калган суусун төгүп алыңыз.
••
Үтүктү электр тармагынан ажыраткандан кийин гана
чукурунан суусун төгүңүз.
••
Шайманды мезгилдүү түрдө тазалап туруңуз.
••
Шаймандын корпусун жана сайгычын суу колуңуз
менен тийбеңиз.
••
Шайман иштеп турган учурда балдарга үтүктүн кор­
пусун жана электр шнурун тийүүгө уруксат бербеңиз.
••
Балдар түзмөк менен ойногонго жол бербегени үчүн
аларга көз салуу зарыл.
••
Балдардын коопсуздугу үчүн таңгак катары колдонул­
ган полиэтилен баштыктарды кароосуз таштабаңыз.
Көңүл буруңуз! Полиэтилен баштыктар же таңгак
пленкасы менен ойногонго балдарга уруксат бербеңиз.
Бул тумчугуунун коркунучун жаратат!

••
Шаймандын иштеткендин алдында иштөө чыңалуусу
электр тармагындагы чыңалуусуна ылайык болгонун
текшериңиз.
••
Электр шнуру «европалык сайгычы» менен жабдыл­
ган; анны бекем жердетүү контакты бар розеткасына
туташтырыңыз.
••
Өрт коркунучун жоюу үчүн шайманды электр розет­
касына
туташтырганда
кошуучу
түзүлмөлөрдү
колдонбоңуз.
••
Электр тармагы ашыра жүктөлгөнгө жол бербөө үчүн
пайдалануу кубаттуулугу чоң шаймандардын бир
нечесин бир убакытта иштетпеңиз.
••
Үтүктү имараттардын сыртында же нымдуулугу
жогору болгон имараттарда иштетпеңиз.
••
Үтүктү тегиз туруктуу беттин үстүнө коюп же туруктуу
үтүктөө тактайын колдонуңуз.
••
Үтүк электр тармагында сайылганда, аны кароосуз
таштаса болбойт.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! Үтүктү иштеткенде анын беттери
ысыйт. Күйүк алууга жол бербөө үчүн териңиздин ачык
жерлерине үтүктүн ысык беттери же чыгарган буусу
тийгенинен сакталыңыз.

••
Адам кийип турган кийимди эч качан бууландырбаңыз
да үтүктөбөңүз.

••
Бул шайман балдар колдонгону үчүн арналган эмес.
Шайман иштеп жана муздап турганда аны балдар
жетпеген жерге коюңуз.
••
Бул шайман дене күчү, сезими же акыл-эси жагы­
нан жөндөмдүүлүгү чектелген (ошонун ичинде бал­
дар да) адамдар же колдонуу боюнча тажрыйбасы
же билими жок болгон адамдар, эгерде алардын
коопсуздугуна жооптуу адам аларды көзөмөлдөп же
нускамалоо болбосо колдонуу үчүн ылайыкташты­
рылган эмес.
••
Электр шнурунун же тармактык айрысынын бузулуу­
лары бар болсо, түзмөктү колдонууга тыюу салынат.
Электр шнуру бузук болгондо коопчулуктарга жол
бербегени үчүн аны өнүктүрүүчү, тейлөө кызмат же
аларга окшогон дасыккан кызматкерлер алмашты­
рууга тийиш.

25

Бытовая техника / Техника для дома / Глаженье / Утюги

BRAYER BR4005

44 стр.
Бытовая техника / Техника для дома / Глаженье / Утюги

Centek CT-2317

24 стр.
Бытовая техника / Техника для дома / Глаженье / Утюги

Centek CT-2317

24 стр.
Бытовая техника / Техника для дома / Глаженье / Утюги

Centek CT-2317

24 стр.
Бытовая техника / Техника для дома / Глаженье / Утюги

Centek CT-2317

24 стр.