Текст страницы
5.2 СТОДУН ОТТУКТАРЫ
Оттуктарды крандын бурагычтары менен башкарууга болот;
Столдогу оттуктардын абалы ар бир крандын жанында схема түрүндө
көрсөтүлгөн.
Белгилер:
Кран жабык
Улуулатылган от
Басаңдатылган от
Бардык крандарда, үнөмдөөчү режимде туруктуу күйүүнү камсыз кылган
“Басаңдатылган от” абалы каралган. Ал отту толук өчүрбөстөн, басаңдатууда
ыңгайлуу.
Мештин оттугун күйгүзүү үчүн, отту жакын алып келип, крандын бурагычын
басып туруп, сааттын жебесине каршы “Улуулатылган от” абалына чейин
буроо керек.
Тармакта басым чоң болгондо, газды аз берүү менен, мештин оттугун оңой
күйгүзүүгө болот (бурагыч улуулатылган жана басаңдатылган оттун ортосунда
жайгашат).
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ: “ГАЗ КОНТРОЛУ” КООПСУЗДУК ТУМУНА ЭЭ БОЛГОГ
ПЛИТАЛАРДЫН МОДЕЛДЕРИ ҮЧҮН, ГАЗДЫ ТУТАНДЫРГАНДАН КИЙИН
КРАНДЫН КАРМАГЫЧЫН БАСЫЛГАН АБАЛДА 10 СЕКУНДА ИЧИНДЕ
САКТАГЫЧ ТҮЗҮЛҮШҮ ИШТЕШИ ҮЧҮН БАСЫЛГАН БОЙДОН КАРМАП ТУРУУ
ЗАРЫЛ. САКТАГЫЧ ТҮЗҮЛҮШ ГАЗДЫ ЖАЛЫН ӨСҮП КАЛГАН УЧУРДА БЕРҮҮНҮ
ТОКТОТУУ ҮЧҮН КЫЗМАТ КЫЛАТ.
5.3 СТОЛДУН КОНФОРКАСЫ (ПГЭ 910
ҮЛГҮСҮНДӨГҮ МЕШТЕР ҮЧҮН)
Столдо конфорка орнотулган, анын ысуу температурасын башкаруу
панелинде жайгашкан тепкичтүү бурагыч менен жөндөөгө болот. Конфорканы
иштетүү үчүн, бурагычты керектүү режимге бурап коюу керек. Ушул учурда
конфорканын иштегендигин билдирген шам күйөт.
Бурагычты саат жебеси боюнча же каршы буроого болот. Тамак-аш жасоо
үчүн, аны дароо эң жогорку “6” кубаттуулук абалына которуу керек. Суу кайнап
чыккандан кийин же кайнаарына бир аз калганда, конфорканы орточо же эң
төмөн кубаттуулукка бурап коюу керек.
4-таблицада конфорканын иштөө режимдерин которуштуруу боюнча кеңештер
берилген.
Тамак-аштын бышарына 5-10 минута калганда конфорканы өчүрүп койсо
болот. Тамак-аш оттуктун табына бышып калат. Ушуну менен электр энергиясы
менен акчаңызды үнөмдөй аласыз.
67