Текст страницы
6 ИШТЕТҮҮГӨ ДАЯРДЫК КӨРҮҮ
6.1 ОРНОТУУ
Шайманды газ мештерин орнотууга, туташтырууга жана тейлөөгө укугу бар
уюмдардын квалификациялык жамааты гана туташтырууга тийиш.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ: ШАЙМАНДЫ МОРГО ТУТАШТЫРУУГА БОЛБОЙТ.
ШАЙМАНДЫ, ИШТЕТҮҮ БОЮНЧА НУСКАМАДАГЫ КӨРСӨТМӨЛӨРГӨ
ЫЛАЙЫК, ОШОНДОЙ ЭЛЕ СИЗДИН ЧӨЛКӨМДҮН КООПСУЗДУК ЖАНА
ТЕХНИКАЛЫК ИШТЕТҮҮ ТАЛАПТАРЫН ЭСКЕ АЛЫП ОРНОТУУ КЕРЕК.
ШАЙМАН ТУРГАН ЖАЙ ЖАКШЫ ЖЕЛДЕП ТУРУШУ КЕРЕК.
Меш лакталган же дүрт этип күйүп кетүүчү материал (кездеме, клеенка, кагаз
ж.б.) менен капталган ашкана эмерегинин үстүнө орнотулбашы керек. Мештин
жанында турган эмерек, ошондой эле кол аарчылар, пардалар ж.б. күйүп
кетпегендей коопсуз аралыкта жайгашышы керек.
Меш дубалдан кеминде 60 mm аралыкта туруп. Мештин капталы менен
эмеректин капталынын ортосундагы (оң же сол жактагы) аралык эң эле
жок дегенде – 200 мм түзүшү керек. Мештин столу менен илинип турган
шкафтардын ортосундагы аралык кеминде 800 мм, ал эми мештин столу
менен аба соргучтун аралыгы 700 mm болушу керек.
Теңдөө
Туташтыруудан мурун, жөндөлүүчү буттарды колдонуп, мешти туурасынан тургузуу
керек. Теңдөөчү аспап же май куюлган жайпак көмөчтандын жардамы менен,
мештин текши орнотулгандыгын текшерсе болот. Бул учурда май көмөчтандын
бетинде текши жайылышы керек.
6.2 ТУТАШТЫРУУ
Туташтыруудан мурун, мештин жөндөлүшүнө жергиликтүү туташтыруу
шарттары (газдын түрү жана басымы) ылайык келе тургандыгын текшерүү
керек.
Шайманды жөндөө параметрлери маркировкада келтирилген.
Мешке газ баллонун туташтырууда газдын басымын жөндөгүчтү колдонуу
зарыл. 5 l; 12 l; 27 l, 50 l көлөмүндөгү же ГОСТ 15860-84 боюнча шайкеш
келген ГОСТ 21805-94 басымды жөндөгүчкө ылайык газ баллонун колдонуу
сунушталат.
Басымды жөндөгүч менен газ баллону ташып жеткирүү топтомуна кирбейт,
аларды соода тармагы аркылуу өзүнчө сатып аласыз.
Меш, кыймылсыз туташтыруу же туташтыруучу ийилгич түтүк аркылуу
учурдагы ченемдерге ылайык туташтырылат.
Эгер жаратылыш газынын басымы уруксат берилген эң жогорку ченемден
(25 mbar (2500 Pa)) ашып кетсе, газ берүүчү тармакта басымды тийиштүү
деңгээлге чейин түшүргөн редуктор орнотулушу керек.
69