Инструкция тостер Centek CT-1423

Страница 12 (стр. 12 из 20)

Бренд: Centek

Страница 12 документа Тостер Centek CT-1423. Раздел: Тостеры. Бренд: Centek.

Текст страницы

7. Սպասարկման կենտրոնն ապրանքը ընդունում է միայն մաքուր
վիճակում (սարքի վրա չպետք է լինեն սննդի մնացորդներ, փոշի և այլ
կեղտեր):

Արտադրողը իրավասու է փոխել սարքի դիզայնը և բնութագիրը
առանց նախնական ծանուցման:

КЫРГЫЗЧА

УРМАТТУУ КЕРЕКТӨӨЧҮ!
TM CENTEK өнүмдөрүн тандаганыңыз үчүн рахмат.
Биз анын иштешине, колдонуу эрежелерин туура
аткарсаңыз, кепилдик беребиз.

ШАЙМАНДЫН МАКСАТЫ: Жука кесилген нанды кызартуу үчүн.

Берилген шайман үй тиричиликте жана ушул сыяктуу чөйрөдө колдонууга арналган,
атап айтканда:
- дүкөндөрдөгү, кеңселердеги жана башка өнөр жай чөйрөлөрүндөгү кызматкерлер
үчүн ашкана аянтчаларында;
- айыл чарба фирмаларында;
- мейманканада, мотелде жана башка турак жай инфраструктурада кардарлар үчүн;
- жеке пансионаттарда.

1. КООПСУЗДУК ЧАРАЛАР
Сиз сатып алган шайман Россия Федерациясындагы электр шаймандары-
на тиешелүү коопсуздуктун бардык расмий стандарттарына жооп берет.
Жашоо жана ден-соолук үчүн кооптуу кырдаалдарды, ошондой эле шайман эрте иштен
чыгып калбашы үчүн, төмөнкү шарттар так сакталууга тийиш:

1.
Шайманды ишке киргизерден мурун берилген колдонмону жакшылап окуп чы-
гыңыз.
2.
Шаймандын берилген көрсөтмөсүн, кассанын дүмүрчөгүн жана кутусун сактаңыз.
Жоголуп кеткен учурда, иштетүү жөнүндө колдонмо жаңыртылбайт, мындай
шайман кепилдиктен алынат. Шайманды максатына ылайык гана колдонуңуз.
3.
Шайманды жылуулук булактарынын жанында койбоңуз, түз күндүн нуру жана
нымдуулуктун таасирине дуушар кылбаңыз (сууга жана башка суюктуктарга
батырганга тыюу салынат). Шайманга суу коддоруңузду тийгизүүгө тыюу салынат.
4.
Шайманга суу тийип кетсе же ичинен суу агып кетсе, аны дароо электр тарма-
гынан ажыратып коюңуз.
5.
Шайманды жумшак, тегиз эмес, туруктуу эмес беттерге орнотпоңуз. Шаймандын
үстүн жаппаңыз.
6.
Колдонгондон кийин жана тазалоонун астында, шайманды электр розетка-
сынан ажыратыш керек. Шайманды өчүрүп жатканда, электр зымынан эмес,
сайгычынан тартып сууруш керек.
7.
Балдарга шайман менен ойногонго уруксат бербеңиз. Шайманды кароосуз кал-
тырбаңыз. Электр зымы балдар жетпеген жерде болгонун текшерип алыңыз.
8.
Кутудагы буюмдар балдар үчүн кооптуу болушу мүмкүн жана атайын бөлүнгөн
жерге сакталышы керек.
9.
Шайман физикалык, сезимтал же акыл жөндөмдүүлүгү начар болгон адамдар-
га (балдарга), жашоо тажрыйбасы жана билими болбогондуктан колдонгонго
болбойт, эгер аларды шайманды колдонуунун эрежесин билген жана алардын
коопсуздугу үчүн жооптуу адамдын көзөмөлүндө болбосо.
10.
Шайманды жана анын электр зымын зыяндары болбогонун ар дайым текшерип
туруңуз.
Бузук шайманды колдонууга тыюу салынат. Шайманды өзүңүз оңдогонго аракет
кылбаңыз, квалификациялуу адистерге кайрылыңыз.
11.
Оригиналдуу запастык бөлүктөрүн гана колдонууга гана уруксат берилет. Жет-
кирүү топтомдо кошулуп келбеген бөлүктөрдү колдонбоңуз.
12.
Иштетүүдөн мурун, электр тармагындагы чыңалуу шайманда көрсөтүлүп турганга
туура келээрин текшериңиз.

13.
Шайманды күйгүзүүнүн алдында, анын туура жана толугу менен чогулганын
текшериңиз.
14.
Электр зымын тартпаңыз, эгер ал курч учтуу нерселердин четине тийип турса,
буюмдар менен басылып же чырмалып калса; электр зымдын ысык нерселерге
тийгенине жол бербеңиз.
15.
Электр зымы же башка бир бөлүгү бузулган болсо, шайманды дароо токтон
ажыратыңыз жана өндүрүүчүнүн тейлөө борборуна кайрылыңыз. Квалификация
сыз кийлигишкен учурда же берилген колдонмодо келтирилген шайманды иштетүү
эрежелери сакталбаса-кепилдик жокко чыгарылат.
16.
Шайманды жерге туташтыруучу розеткаларга гана туташтырыңыз, жерге өткөр-
гүчтүү 10 А тибиндеги эки уюлдуу узарткычтарды гана колдонуңуз.
17.
Бир эле учурда бир нече энергияны талап кылган шаймандарды колдонбоңуз,
бул турак жайлардын электр тармагындагы көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн.
18.
Шайманды колдонуу сунушталбайт, эгер:

электр зымы бузулган болсо;

шаймандын көрүнүп турган зыяны болсо;

шайман бийиктиктен түшүп кетсе;

шайманга суу кирип кетсе.
19.
Эгер шайман колдонулбаса, өчүк болгонун байкап туруңуз.
20. Шайманды 0 °С дан төмөн же 35 °С дан жогору температурада колдонбоңуз. Эгер
шайман 0 °С дан төмөн температурада көпкө туруп калса, аны жылытылган бөлмөгө
кеминде 3 саат күйгүзүүдөн мурун киргизиңиз.
21.
Сайгычын электр тармагында кармабаңыз: эгер шайман туура эмес иштеп жатса
(бийик ызы-чуу, дирилдөө ж.б.); ажыратуудан же куроодон мурун; ар бир кол-
донгондон кийин. Эгер сизге аз убакытка болсо дагы кетиш керек болуп жатса,
анда шайманды электр тармагынан ажыратып коюңуз.
22.
Шайманга ашыкча шекер, кыям же башка азыктар кошулган тостторду салбаңыз.
23. Ташуу (алып өтмөк), сатуу үчүн үчүн өзгөчө шарттар: жок.
24. Тиешелүү туташтыргыч менен гана аппаратты колдонуу.
25. Прибор иштеп чыгууга арналган эмес, тышкы таймердин же өзүнчө аралыктан
башкаруу тутумун.

12

Бытовая техника / Техника для кухни / Фритюрницы и тостеры / Тостеры

Aceline TS-3000

12 стр.
Бытовая техника / Техника для кухни / Фритюрницы и тостеры / Тостеры

Aceline TS-3000

12 стр.
Бытовая техника / Техника для кухни / Фритюрницы и тостеры / Тостеры

Aceline TSM-2000

12 стр.
Бытовая техника / Техника для кухни / Фритюрницы и тостеры / Тостеры

Aceline TSM-2000

12 стр.
Бытовая техника / Техника для кухни / Фритюрницы и тостеры / Тостеры

Blackton Bt T1110

16 стр.