Инструкция газовая плитка Gefest ПГЭ 910-01

Страница 72 (стр. 72 из 164)

Бренд: Gefest

Страница 72 документа Газовая плитка Gefest ПГЭ 910-01. Раздел: Настольные газовые плиты. Бренд: Gefest.

Текст страницы

 Туташтыруудан мурун, башкаруу бурагычтарынын нөл абалында тургандыгын

текшериңиз.
Меш орнотулгандан кийин, анын оттуктарынын иштешин текшерип чыгыңыз. От

үзүл-кесил эмес, текши күйүшү керек.
Желим түтүктүн жардамы менен туташтыруу
 Туташтырууда төмөнкү талаптар сакталышы керек:

желим түтүктү баштан-аяк карап чыгуу керек;

желим түтүк кысылып, ашкере бүгүлүп же тартылып калбашы керек;

желим түтүктүн узундугу кеминде 1,5 метр болушу керек;

эгер желим түтүктүн кандайдыр бир жерине доо кеткен болсо, ал жерди оңдоп-
түзөө иштерине жол берилбейт, аны толугу менен алмаштыруу керек.
ШИРЕҢКЕНИН ЖАРДАМЫ МЕНЕН ЖАНА ОТ КҮЙГҮЗҮП АЛЫП,

БИРИКТИРИЛГЕН ЖЕРЛЕРДИН БҮТҮНДҮГҮН ЖАНА ГАЗ ЧЫГЫП ЖАТКАН
ЖЕРЛЕРДИ ТЕКШЕРҮҮГӨ ТЫЮУ САЛЫНАТ!
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ: ПОТЕНЦИАЛДАРДЫ ТЕҢДЕШТИРҮҮ СИСТЕМАСЫНЫН
ТҮЗҮЛҮШҮНӨ БАЙЛАНЫШКАН ТАЛАПТАРГА ЖООП БЕРБЕГЕН
ИМАРАТТАРДА МЕШТИ ГАЗ ТАРМАГЫНА ТУТАШТЫРУУДА, АТАЙЫН
ОКЧУНДАТУУЧУ КЫСТЫРМАНЫ ЖЕ ТОК ӨТКӨРБӨГӨН ГАЗ ТҮТҮГҮН
КОЛДОНУУ КЕРЕК.

3-сүрөт

Тармакка туташтыруу (ПГЭ 910 үлгүсүндөгү мештер үчүн)


220-230 V (50 Hz) тармагына туташтырыла турган кубаттандыруу шнуру.

Шайман орнотулгандан кийин, аны өчүрүү үчүн, анын сайгычы менен
тармактык шнуру кол жеткидей жана ысып кетпегендей жерде жайгашышы
керек.
Шайманды орнотууда розетканы иштеп жаткан аянтчадан алысыраак жерде
жайгаштыруу керек.
ЭСИҢИЗДЕ БОЛСУН: Меш орнотулгандан кийин, газ берүүчү ийилчээк
желим түтүктүн жана ток берүүчү шнурдун абалын текшерүү керек. Алар
мештин аркасына тийбеши керек. Себеби, көмөчтан иштеп жатканда, ал
жерде аларды зыянга учуратуучу ысык температура келип чыгат!
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! МЕШТИ БИРИНЧИ ЖОЛУ ИШТЕТКЕНДЕ, СТОЛДУН
ЭЛЕКТР КОНФОРКАСЫНА ИДИШ КОЙБОСТОН, ЭҢ ТӨМӨНКҮ
КУБАТТУУЛУКТА (БУРАГЫЧТЫН АБАЛЫ – “1”) ЖАРЫМ СААТТАЙ ЫСЫТЫП
АЛУУ КЕРЕК.

70

Бытовая техника / Техника для кухни / Плиты, СВЧ и печи / Настольные электрические плиты

Aceline CS-010g

8 стр.
Бытовая техника / Техника для кухни / Плиты, СВЧ и печи / Настольные электрические плиты

Aceline CS-020b

12 стр.