Текст страницы
7 ИШ ЖҮЗҮНДӨГҮ КЕҢЕШТЕР СТОЛДУН
ОТТУКТАРЫН КОЛДОНУУ БОЮНЧА
Идиштин өлчөмдөрү жана күйгүчтөрдүн иштөө режимин жалын четтен чыгып
жана каптал дубалдарды “жалабагандай” кылып тандоо керек.
Жардамчы
Газ күйгүчү
Тез
кыймылы
Жарым
тез
кыймылы
минималдуу
220
160
120
Идиштин
диаметри,
мм
максималдуу
240
240
140
Томпогой же ичине кирген түбү бар
идишти колдонууга тыюу салынат.
4-сүрөт
8 МЕШТИ ТЕЙЛӨӨ
Мешке кам көрүү
Мешти таза кармаңыз. Таза меш бузулбай көпкө иштейт, мындан тышкары,
анда тамак-аш жасоо жагымдуу жана даамдуу болот.
ЭСИҢИЗДЕ БОЛСУН: МЕШТИ ЖУУРДАН МУРУН, АНЫ СӨЗСҮЗ ТҮРДӨ ЭЛЕКТР
ТОГУНАН СУУРУП САЛЫҢЫЗ! (ПГЭ 910 үлгүсүндөгү мештер үчүн).
Мештин эмаль менен капталган бети, идиш аяк жууган каражат кошулган
жылуу сууга малынган жумшак майлык менен жуулушу керек. Дат баспаган
темирден жасалган, маалымат белгилери көрсөтүлгөн башкаруу панелин
тазалоодо өзгөчө этият болуңуз.
Эгер бурагычтары чечилген болсо, анда аларды ордуна этияттап киргизүү
керек.
Көпкө туруп калган кирди кетирүү үчүн, темир кыл жуугучту же бычакты
колдонбоңуз. Жөн гана бир аз убакытка чейин сууга чылай туруңуз.
Абразивдик порошокторду, ошондой эле кислоталар менен башка жегич
түзүүчү бөлүктөрүн камтыган заттарды колдонбоңуз. Алар мештин сыртын
бузуп, сүрөттөрүн өчүрүп салышы мүмкүн.
Оттуктарды же мештин столун тазалоо үчүн, оттуктарды чечип салсаңыз
ыңгайлуураак болот.
Оттуктардын эмаль менен капталган капкактарын жана столдун торун кыл
жуугуч менен же абразивдик тазалоочу порошокко малынган майлык менен
этият тазаласаңыз болот;
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! ПРИБОРДУН АЛЮМИНИЙ ЖАНА СЫРДАЛГАН
ДЕТАЛДАРЫН ИДИШ ЖУУГУЧ МАШИНАДА ЖУУГАНГА ТЫЮУ САЛЫНАТ.
МЕШТИН БУУ МЕНЕН ТАЗАЛАНЫШЫ КАРАЛГАН ЭМЕС.
71