Текст страницы
497
Кыргызча
SmarTimer
SmarTimer щёткалоо циклинин аягында тиш щёткасын
автоматтык түрдө өчүрүү менен щёткалоо цикли
бүткөнүн көрсөтөт.
Тиш догдурлар күнүнө кеминде 2 жолу 2 мүнөттөн
кем эмес убакыт жууну сунуштайт.
Эскертме: Эгер щёткалоо циклин баштагандан кийин
күйгүзүү/өчүрүү бскычын бассаңыз, тиш щёткасы
тындырылат. 15 секунд тындырылгандан кийин
SmarTimer баштапкы абалга келтирилет.
Функцияларды күйгүзүү же өчүрүү
Тиш щеткаңыздын төмөнкү функцияларын күйгүзүп
же өчүрсөңүз болот:
-
EasyStart
-
Щетканын башын алмаштыруу керектигин
эскертүү
-
Басым сенсору
Бул функцияларды күйгүзүп же өчүрүү үчүн,
төмөндөгү нускамаларды аткарыңыз:
EasyStart
1
Кармагычты сайылган заряддагычтын үстүнө
коюңуз.
2
Кармагыч заряддагычтын үстүнө коюлганда,
күйгүзүү/өчүрүү баскычын басып, кармап туруңуз.
3
Күйгүзүү/өчүрүү баскычын басылган бойдон бир
кыска бип деген үн (3 секунддан кийин)
угулмайынча кармап туруңуз.
4
Күйгүзүү/өчүрүү баскычын коё береңиз.
-
Төмөн-орто-жогору чыккан үч катар дабыш
EasyStart функциясынын күйгүзүлгөнүн билдирет.
Батареянын деңгээл көрсөткүчү да 2 жолу жашыл
түстө жымыңдап, күйгүзүлгөнүн ырастайт.
-
Жогору-орто-төмөн чыккан үч катар дабыш
EasyStart функциясынын өчүрүлгөнүн билдирет.
Батареянын деңгээл көрсөткүчү да 1 жолу сары
түстө жымыңдап, өчүрүлгөнүн билдирет.
Эскертүү: Клиникалык натыйжалуулукка жетүү үчүн,
EasyStart'ты өчүрүү керек.