Текст страницы
498
Кыргызча
Щетканын башын алмаштыруу керектигин эскертүү
Эскертүү: Кармагычта акылдуу щетка башы тагылып
турганда, щетка башын алмаштыруу тууралуу
эскертүүнү күйгүзүп же өчүрө аласыз.
Эскертүү: Жаңы акылдуу щетка баштары щетка башын
алмаштыруу тууралуу эскертүү функциясы
күйгүзүлгөн бойдон камсыздалат.
1
Кармагычты сайылган заряддагычтын үстүнө
коюңуз.
2
Кармагыч заряддагычтын үстүнө коюлганда,
күйгүзүү/өчүрүү баскычын басып, кармап туруңуз.
3
Күйгүзүү/өчүрүү баскычын басылган бойдон 2
кыска бип деген үндүн катары (5 секунддан кийин)
угулмайынча кармап туруңуз.
4
Күйгүзүү/өчүрүү баскычын коё береңиз.
-
Төмөн-орто-жогорку чыккан үч катар дабыш щетка
башын алмаштыруу тууралуу эскертүү функциясы
күйгүзүлгөнүн билдирет. Батареянын деңгээл
көрсөткүчү да 2 жолу жашыл түстө жымыңдап,
күйгүзүлгөнүн ырастайт.
-
Жогору-орто-төмөн чыккан үч катар дабыш щетка
башын алмаштыруу тууралуу эскертүү
функциясынын өчүрүлгөнүн билдирет. Батареянын
деңгээл көрсөткүчү да 1 жолу сары түстө
жымыңдап, өчүрүлгөнүн билдирет.
Басым сенсору
1
Кармагычты сайылган заряддагычтын үстүнө
коюңуз.
2
Кармагыч заряддагычтын үстүнө коюлганда,
күйгүзүү/өчүрүү баскычын басып, кармап туруңуз.
3
Күйгүзүү/өчүрүү баскычын басылган бойдон 3
кыска бип деген үндүн катары (7 секунддан кийин)
угулмайынча кармап туруңуз.
4
Күйгүзүү/өчүрүү баскычын коё береңиз.
-
Төмөн-орто-жогорку чыккан үч катар дабыш
басым сенсорунун функциясынын күйгүзүлгөнүн
билдирет. Батареянын деңгээл көрсөткүчү да 2
жолу жашыл түстө жымыңдап, күйгүзүлгөнүн
ырастайт.