Текст страницы
500
Кыргызча
Кубаттагыч
1
Тазалоодон мурун кубаттагычты сууруп салыңыз.
2
Кубаттагычтын бетин нымдуу кездеме менен
аарчыңыз.
Жолдо алып жүрүү кутучасы
Жолдо алып жүрүү кутучанын ичин тазалоо үчүн аны
жылуу сууга чайкап, нымдуу чүпөрөктү колдонуңуз.
Сактоо
Эгер өнүмдү көпкө чейин колдонбой турган болсоңуз,
аны ажыратып, тазалап ("Тазалоо" бөлүмүн караңыз),
түз тийген күн нурунан алыс болгон салкын жана
кургак жерде сактаңыз.
Алмаштыруу
Щётканын башы
Оптималдуу жыйынтыктарга жетүү үчүн Philips
Sonicare щётка баштарын 3 ай сайын алмаштырып
туруңуз. Philips Sonicare шайманынын
алмаштырылуучу щётка баштарын гана колдонуңуз.
Үлгү номери көрсөтүлгөн жер
Үлгү номерин (НХ36ХХ) Philips Sonicare
кармагычынын түбүнөн караңыз.
Кепилдик жана колдоо
Маалымат же колдоо алгыңыз келсе,
www.philips.com/support сайтына өтүп же эл аралык
кепилдик баракчасын окуңуз.
Кепилдиктеги чектөөлөр
Эл аралык кепилдик шарттарына төмөнкүлөр
кирбейт:
-
Щётканын баштары.
-
Уруксат берилбеген алмаштыруу бөлүктөрүн
колдонуудан келип чыккан бузулуу.